Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Кадыкеев каза болду. Маалыматтарга караганда, эл өкүлү кант диабети менен ооруп жүргөн.
Ал 12-июнда Түркиянын Стамбул шаарында ооруканада каза болду. Ал 1970-жылы 21-январда Нарын облусунда туулган.
2015-жылы Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына "Кыргызстан" партиясынан депутат болуп шайланган.
Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитеттин мүчөсү болгон.