Ысык-Көлдөгү Кырчын жайлоосуна кетчү жол жасалууда
Новость www

Транспорт жана жолдор министрлиги бул багытта эртелеп иш алып барып, жолдорду кеңейтүүнүн үстүндө. Долбоорго ылайык, Кырчын жайлоосу менен Чоң-Ак-Суу капчыгайынын жолу бириктирилип жасалып, айлампа жол пайда болот. Бул иштер үчүн жыйырма үч миллион сом бөлүнүп берилген.

Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы жол тыгындары жайлоо жолдорунун өтө тардыгы жана арбын унаа каттамына ылайыксыздыгынан улам пайда болгон. Анын үстүнө ошол күндөрү тынбай жааган жаан улам тейленген жолго зыянын тийгизип келген эле. Быйыл мындай абал кайталанбашы үчүн транспорт жана жолдор министрлиги Кырчын жайлоосунан Чоң-Ак-Суу капчыгайына түшө турган жол салууда. Жолчулардын айтымында бул каттам союз убагында бар болчу. Бирок акыркы жыйырма жылдан бери тейленбей турган.