Чүй проспектиси менен Жаш Гвардия бульварынын кесилиши түнкүсүн жабылат
Новость www

Бишкектеги Чүй проспектиси менен Жаш Гвардия бульварынын кесилиши кечинде жабылып турат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиргендей, 16-июндан 23-июнга чейин кечки саат ондон таңкы саат алтыга чейин жолдун асфальты менен бордюрлар алмаштырылат.