Москвада кырсыкка кабылган айдоочунун ишин Тышкы иштер министрилиги көзөмөлгө алууда
Новость www

POST1RIGHT

Москвада жөө адамдарды сүзүп алган кыргызстандык айдоочунун ишин Кыргызстандын Тышкы иштер министрилиги көзөмөлгө алып, укуктук- консультациялык жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу “Биринчи радиого” министрликтин маалымат кызматы билдирди. 

Учурда Орусиядагы элчилик кармалган жаран менен жана анын жакындары менен кезигип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бүгүн, 18-июнда Чыңгыз Анарбек уулунун баш коргоо чарасы каралары да кабарланды. 

Кыргызстандык таксисттин автомашинасы менен жол боюндагы адамдары сүзүп алган окуя коомчулукта кызуу талкууну жаратууда. Көпчүлүгү жетпеген жашоодон улам элди ташып, уктабай иштеген мигрантка ырайым кылыш керек деген пикирде. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"