POST1RIGHT
Ош шаарындагы Достук кичи районунда 1 жашар наристе сууга чөгүп, каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына карганда, 19-июнда болжол менен саат 19:19дар чамасында №47-көчөнүн 46-үйдүн жанындагы каналга бала агып кеткендиги тууралуу билдирүү түшкөн.
Куткаруучулар окуя болгон жерге барып, 2017-жылы туулган баланын сөөгүн чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.