POST1RIGHT
Учурда өз мекенин 70 миллионго жакын адам таштоого аргасыз болгон.
Кыргызстанда ушул күндөрү 346 качкын бар. Анын 187си конвенциялык, 159 мандат категориясындагы качкындар.
Кыргызстан качкындар жөнүндө эл аралык конвенцияга 1996-жылы кол койгон. 1990-жылдан бери 20 миң качкынга кучагын ачкан.
Анын он миңи өз мекенине кайтып кетсе, миңи 3-өлкөгө чыгып кеткендер. Кыргызстан 28 жылда 9 миңге жакын качкынга жарандык берген.