POST1RIGHT
Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Ош облусунун Алай районунан аттанган жоокер Балтабай Борошевдин 2006-жылы табылган медальону, кемери жана «Өлбөстүккө кадам» медалы анын туугандарына өткөрүлүп берилди.
Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбеков Москвага болгон жумуш сапарынын алкагында «Обелиск» издөө отрядынын өкүлдөрү менен жолугушкан.
Алар мамлекет башчыга Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгон Балтабай Борошевдин табылган жеке буюмдарын өткөрүп беришкен.