Кыргыз телекөрсөтүүсүнө 60 жыл! Ушул жылдар арасында татыктуу кызмат өтөп көгүлтүр экран аркылуу калкына таанылган чыгармачыл инсандар аз эмес. Алардын бири - Кыргыз маданиянына эмгек сиңирген артисти, "Даңк" медалынын ээси, КТРдын отличниги, белгилүү теледиктор Бактыбек Мамытов. Ал Чүй боорунда жайгашкан Ысык-Ата районундагы Алмалуу айылында 1950-жылдын 3-мартында туулган.
Мектепти аяктаган соң улуттук университеттин филология факультетине тапшырган. Ал эми дикторлукка кокусунан келип калып, 1973-жылдардан тартып бул кесипти аркалай баштаган.
Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.
Кадыр Калилов, "Биринчи радио"