POST1RIGHT
Бишкек - Ош жолунда кырсыкта аман калган наристенин атасы табылды. Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгы маалымдагандай, 26-июнда Токтогул районунда Чычкан дарыясына түшүп кеткен унаада набыт болгон жүргүнчүнүн жана анын жанындагы 1,5 жашар баланын ким экени аныкталды.
Ал Ош облусунун Ноокат районунун Капчыгай айылынын 31 жаштагы тургуну. Ал эми баласынын аты Жуманазар. Аял жолдошу менен Токмок шаарында жашачу экен. Ноокатка туугандарына бара жаткан. Анын сөөгү жакындарына өткөрүлүп берилди, -деп билдирет облустук милиция.