POST1RIGHT
Түндүк-Түштүк альтернативдүү унаа жолунун биринчи фазасын куруу иштери 67 пайызга бүткөрүлсө, экинчисинде 59 пайызга аткарылган. Бөлүнгөн каражаттын 440 миллион доллары жумшалды . Бул тууралуу “Кыргызжолтрансдолбоор” институтунан билдирди. Ушул тапта татаал делген тоо үстүндө иштер жасалууда.
Көк-Арт ашуусун тешип өткөн бул туннель деңиз денгээлинен 2500 метр бийиктикте жайгашкан. Учурда ичинен топурак казылып, иш татаал жерине жеткен. Тоо ичиндеги жолдун бийиктиги 11, туурасы да 11 метрди түзөт. Буга кошумча дагы бир туннель казылууда.
Долбоор боюнча эки эстакадалык көпүрөнүн курулушу каралган. Биринин узундугу 1076, экинчиси 396 метрди түзөт. Тирегичтер 12 метрден 40 метрге чейин жер астына киргизилген.
Бул ири долбоор Бишкек - Ош жолундагы унаалардын санын азайтууга багытталган. “Кыргызжолтрансдолбоор” институтунан билдиришкендей каражат 20 жылга аз көлөмдөгү үстөгү менен алынган.
Түндүк-Түштүк алтернативдүү жолу 3 жылдан кийин пайдаланууга берилет. Бул объект биринчиден жакын жайгашкан Казарман, Чаек сыяктуу райондордун экономикалык өнүгүшүнө түрткү берет. Мындан сырткары эл аралык рынокко чыгууга кошумча мүмкүнчүлүк түзөт.