Бишкек — Нарын жолунда жүк ташыган эки унаа кагышып, бирөөсү күйүп кетти
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Бишкек — Нарын жолунда жүк ташыган эки унаа кагышып, бирөөсү күйүп кетти. Нарын облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, жабыркагандар жана каза болгондор жок. 

Кырсык жолдун 240-чакырымында катталган. Окуянын күбөсү жиберген тасмада курулуш материалдары жүктөлгөн бир унаанын күйүп жатканын көрүүгө болот. 

Жүк ташыган унаалардын бирөөсү Кытайдан товар алып келе жатканы кошумчаланды.