Бишкек-Торугарт жолунда жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа кагылышты
Новость www

POST1RIGHT

Бишкек-Торугарт унаа жолунда жеңил унаа менен жүк ташуучу унаа кагылышты. Натыйжада 8 адам ар кандай жаракаттар менен Нарын облустук ооруканасына жеткирилди. 

Алдын ала маалыматтар боюнча жол кырсыгы Кызыл-Жер участогунда саат 17лер чамасында катталган. Жабыр тарткандардын бешөөсү травматология бөлүмүнө, экөөсү хирургия бөлүмүнө жаткырылды. 

Ал эми бир адамга медициналык жардам көрсөтүлүп, үйүнө жиберилди.