Зумрад Жанабаева дарыгерлердин көзөмөлүндө
Новость internet

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Жол кайгуул кызматынын башчысы Зумрад Жанабаева убактылуу кармоочу жайдан ооруканага которулду.

ИИМдин медицина башкармалыгынын башчысы Жыргалбек Жакыпов билдиргендей, кечээ Жанабаеванын абалы начарлап, ал инсультка кабылды деген шек менен ооруканага жеткирилген. Учурда анын абалы туруктуу. Азыр ал реанимациялык бөлүмдөн жөнөкөй палатага которулду. 

POST1RIGHT

Маалымдалгандай, Жанабаева 10 күнгө жакын дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. 24-март күнү Октябрь районунун соту Жол кайгуул кызматынын башчысы Зумрад Жанабаеваны камакка алган болчу. Ал ага карата мурдараак козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган. Аны 17-апрелге чейин Бишкектеги №1чи убактылуу кармоочу жайга камакка алуу чечимин Биринчи май райондук соту чыгарган болчу.