Жалал-Абад облусунда паспорттоштуруунун мобилдик тейлөөсү иштеп баштады
Новость KTRK/videograp

Жалал-Абад облусунда паспорттоштуруу жана жарандык абалдын актыларын каттоо кызматтарын көрсөтүүнүн мобилдик тейлөөсү иштеп баштады. 

Тактап айтканда, бардык техникалык каражаттар менен жабдылган атайын кичи автобус иштеп жатат. Кассалык аппараттар, фото жана көчүрмө кызматтары бар бул унааны карылар үйүндө жашаган, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, жетимдер жана балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары колдоно алышат. Бул категориядагы жарандарга кызмат акысыз көрсөтүлөт. 

Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүүнүн алкагында, “Электрондук өкмөт” системасын түзүү үчүн алынган 16 атайын унаа 7 облуска берилген. Кчи автобустар БУУнун өнүктүрүү программасы тарабынан, Япония өкмөтүнүн жардамы менен алынган.