Жалал-Абадда токой пайдалануучуларга шарт түзүү аракети көрүлүүдө
Новость KTRK/videograp

Жалал-Абад облусунда токой пайдалануучуларга шарт түзүү аракети көрүлүүдө. "Арстанбап-Ата" жаңгак токоюнда жолдор сүрүлүп, каттамдарды жакшыртуу максатында жаңы көпүрөлөр курулууда. Жолдордун жакшырышы менен жергиликтүү элге токойдон жаңгак жана башка мөмө-жемиштерди ташып келүүдө бир кыйла жеңилдик жаралат. 


Базар-Коргон районундагы "Арстанбап-Ата" токой чарбасынын аянты 13 миң гектардан ашып, анын 2 миң гектарын жаңгак аянты ээлейт. Арстанбап-Ата айыл аймагында дыйканчылык үчүн жер аянты жок болгондуктан, жергиликтүү элдин жашоо тиричилиги мына ушул токой менен тыгыз байланышат. Бирок токой пайдалануучулардын айтымында, жаңгакты жана башка токойдогу мөмөнү жыйнап алып, аны ташып келүүдө каттам жагынан кыйынчылык жаралат. 


Токой пайдалануучуларды түйшөлткөн каттамдар эми четинен чичиле баштады. Учурда токойго баруучу 600 миң сомго жаңы көпүрөнүн курулушу башталып отурат. Көпүрөнүн бүтүшү менен айыл ичиндеги каттам да жакшырат.”


Токой чарба тарабынан ижарачыларга шарт түзүү аркетинен сырткары токойду коргоо жана сапаттуу жаңгак көчөттөрүн даярдоо иштери колго алына баштады. Ал үчүн атайын заманбап шарттагы өзүн-өзү жылытуучу күнөскана курулуп, бул жерди өзгөчө сапатка ээ жаңгак көчөттөрү өстүрүлүүдө. Эми бул көчөттөр күзүндө токой аянтына отургузулат.

Жалал-Абад облусунда жаңгак токою менен жашоо тиричилик кирешесин толуктаган бир гана Арстанбап-Ата аймагы эмес. Сузак районунда да жыш жайгашкан Кара-Алма жаңгак токою бар. Бул аймакта да дыйканчылык жер аянттары жок болгондуктан, жергиликтүү элдин көбү мал жана токой менен тиричилик кылат. Ал эми облус боюнча жалпы 961 миң гектар токой аянты болсо, анын 34 миң гектарын жаңгак аянты ээлейт. Жалпы токой пайдалануучулардын саны облус боюнча 15 миңди түзөт.