Балдарга көрсөтүлгөн зомбулуктардын күчөп жаткандыгы тууралуу маселе көтөрүлдү
Новость www

Өлкөдө жашы жете элек балдарга кол салуу, аларга зомбулук көрсөтүү күчөп жаткандыгы атайын уюштурулган тегерек столдун катышууулары тарабынан айтылды. Көпчүлүк учурда кордукка дуушар болгон балдар ата-энесинен, туугандарынан же камкордукка алган адамдардан зомбулук көрөрүү белгилүү болду. 

Өз кезегинде депутат Айнуру Алтыбаева мындай кылмыш үчүн өлүм жазасына тартуу керектигин сунуштады. Эл өкүлүнүн айтымында, сот системасында жана укук коргоо органдарында реформа жүргүзүлгөн кезде гана мыйзам күчүнө кирип, аткарыла баштайт. 

Буга чейин депутаттар бачабаздарга карата мыйзамды катуулатуу керектигин сунуштап, бирок мыйзам долбоору кабыл алынган эмес. Эске салсак, Кыргызстанда 1998-жылдан тарта өлүм жазасы колдонулбайт.