Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов камакка алынды
Новость www

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов кармалды. УКМКдан билдиришкендей, ал учурда Башкы тергөө башкармалыгына жеткирилди. 

Эске салсак, 28-май күнү УКМК Албек Ибраимовго карата "Ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же таратып жок кылуу", "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.