Кыргыз журналистикасы оор жоготууга учурады. Коомго курч материалдары, резонанстуу иликтөөлөрү менен таанылган журналист Улан Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөндө көз жумду. 28 жаштагы Улан Эгизбаевдин мезгилсиз дүйнөдөн өтүшү кыргызстандыктардын кабыргасын кайыштырып турат. POST1RIGHT
Ал кыска өмүрүндө, кесиби аркылуу кыргыз элинин социалдык көйгөйлөрүн көтөрүп, коррупция менен күрөшүү багытында жасаган чоң эмгектери менен элдин, кесиптештеринин эсинде түбөлүк калат.
Коррупциялык аракеттерди, социалдык көйгөйлөрдү коомго алып чыгып, акыйкаттык, чындыкты мен айтпасам, ким айтат - деген Уландын эми өзү жок, иш үстөлүндөгү анын ачык калган компьютери, буюмдары, элге таратам деген тоюндагы сүрөттөрү, жубайы алып келип берген гүлдөрүн карап кесиптештеринин кабырагасы кайышып турат.
Таң эрте Бишкекте өзү иштеген Азатык медиасында Улан Эгизбаевди эскерүүгө кесиптештери, саясатчылар, шаардыктар келип, журналисттин сүрөтүнө гүл коюшуп, китепчеге эскерүү кол жазмаларын калтырышты. Митинг реквиемге экс-президент Роза Отунбаева баштаган саясатчылар, президенттин жана өкмөттүн аппаратынын өкүлдөрү, министрлер, депутаттар, журналисттер жана аны тааныгандар катышты. Журналисттин мезгилсиз дүйнөдөн кайтканы боюнча Президент Сооронбай Жээнбеков көңүл айтты.
"Азаттык" радиосунун иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаев коомдогу курч маселелерди, көйгөйлөрдү иликтеп, кыргыз элине кеңири таанылган. Ал "Азаттык" радиосунун “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы үчүн бир катар резонанс жараткан иликтөөлөрдү жасаган. Уланбек Эгизбаев соңку эки айда Тарых музейиндеги мумия баш болгон экспонаттардын чоо-жайын, Бишкекте жана анын тегерегинде өрчүп кеткен көрүстөн сатуу бизнесин иликтеген. Анда Эгизбаев кабырлар кызылдай акчага сатыларын, көрдүн орду айрым жерде тирүү адамдарга да алдын ала сатылып кеткенин айтып чыккан. Улан Эгизбаев кыргыз тилиндеги журналисттик иликтөөгө чоң салымын кошуп, анын жаңы деңгээлге көтөрүлүшүнө эмгеги сиңди.
Уланбек Эгизбаев 1990-жылы 12-февралда Кочкор районунда туулган. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. "Азаттык" радиосунда 2013-жылдан тартып иштей баштаган.