POST1RIGHT
Талас районунун аймагы боюнча эле түнкүсүн жол эрежесин бузгандыгы үчүн 43 протокол түзүлдү. 4 автоунаа атайын унаа токтотуучу жайга токтотулду. Рейддин учурунда чон жолдон бир транспорт кырсыгы катталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынан билдиришкендей түнкүсүн жолдо жүрүү эрежелерин бузуу көбүрөөк байкалат. Ошондуктан, түнкү рейд аталган кызмат тарабынан тынымсыз уюштурулуп турат. Белгилей кетсек, 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында 44 жол кырсыгы катталган. 10мнден ашуун айдоочуга административдик чара колдонулган.