2018-жылдын февраль айынан бери 39 миңге жакын жаңы төрөлгөн наристеге 4 миң сомдон сүйүнчү пул берилди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайты жазып чыкты.
Билдирүүгө ылайык, сүйүнчү пулга мамлекеттик бюджеттен 158 миллион 7 миң сом бөлүнгөн. Эске салсак, жаңы төрөлгөн балдарга сүйүнчү пул берүү боюнча мыйзам 1-январда күчүнө кирген.