Бизнес: административдик процедуралар 30 пайызга чейин кыскарат
Новость http://www.gov.kg/

Бизнести жөнгө салуудагы административдик процедуралар 30 пайызга чейин кыскарат. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев “Экономиканын өнүгүүсүндөгү инвестициянын ролу” аттуу жыйында билдирди. Өкмөт башчы белгилегендей бул багытта Экономика министрлиги Евро Коопсуздук Кызматташтык Уюму менен бирге иш алып барып жатат.Эң татаал маселе сотко байланыштуу. Сариев экономикалык талаштар узакка созулбай, тездик менен чечилиши керек экенин белгилейт.