Өлкөдө унаалардын баасы 10 эсе арзандады
Новость www

Cырттан келген унааларга болгон бажы төлөмдөрүнүн көлөмү азайгандан бери өлкөдө жүргөн унаалардын баасы кыйла арзандады. Маселен 2008-жылы чыккан, "Toyota Camry" үлгүсүндөгү унааны алып кирүү 960 доллар. 

Бул буга чейинки төлөмдөн 10 эсе арзан. Өкмөт чет өлкөдөн кирген автомобилдердин бажы төлөмдөрүн 2014-жылдагы көрсөткүчкө чейин ылдыйлаткан токтом кабыл алган. Эми документ күчүнө кирип, 2019-жылдын 31-декабрына чейин иштейт.

25-июлдан баштап жаңы бажы төлөмдөрү иштей баштады. Эми унааны каттоо 2014-жылдагы көрсөткүчкө чейин түштү. Муну менен өкмөт жарандарды экологиялык жактан таза унаага өтүү сунушун берет. Ошондой эле, эскилиги жеткен унаалардан арылуу.

Токтом 2020-жылга чейин күчүндө турат. Андан кийин Кыргызстан ЕАЭБдин толук кандуу мүчөсү болот. Унааны каттоо уюмдун баа ченемине ылайык жүргүзүлөт. Башкача айтканда унаасын жаңыртып алууну каалагандарда бир жарым жылдай убактысы бар.