Абылгазиев жумуш сапары менен Жалал-Абад облусуна барды
Новость www

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапары менен Жалал-Абад облусуна барды. Анын жүрүшүндө Өкмөт башчы Токтогул ГЭСин жана Камбар-Ата-2 ГЭСин калыбына келтирүү жана реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышып жатат. 

Ошондой эле Таш-Көмүр, Шамалды-Сай жана Үч-Коргон гидроэлектрстанцияларына барат. Муну менен катар Мухаммедкалый Абылгазиев дыйкандар менен жолугушуп, жана Б.Рысбеков атындагы оорукананын медициналык кызматкерлери үчүн салынып, учурда курулушу токтоп турган турак жайдын абалы менен таанышат.