Турсун Уралиев менен коштошуу 8-августта КТРКнын имаратында өтөт
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHTКыргыз телерадиосу оорду толгус чоң жоготууга учурады. Кыргыз радиосунун легендасына айланган, белгилүү режиссёр Турсун Уралиев 85 жаш курагында дүйнө салды. 

Коштошуу зыйнаты эртең, 8-августта КТРКнын имаратында өтөт. Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат. 

Жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүү менен аларды колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 100 миң сом бөлүндү.