POST1RIGHT
Сот системасынын ачык, айкындуулугун камсыз кылуу максатында сот иштерине тийиштүү бардык жумуштар электрондук системага киргизилүүдө. Бул жумуштар атайын кабыл алынган мамлекеттик программанын алкагында жүзөгө ашып, учурда Аламүдүн райондук, шаардагы Свердлов райондук жана Бишкек шаар аралык сотуна пилоттук негизде иштеп баштады.
Адистердин баамында, мындай аракет тармактагы бюрократияны жана коррупцияны азайтып, ошону менен бирге судьялардын кесипкөйлүгү, билим деңгээли, иш тажрыйбасы, ички, сырткы маданиятынын да жогору болушуна таасирин тийгизет. Республика боюнча толук кандуу ишке киргизүү алдыдагы 5 жыл ичинге пландалган. Буга болжол менен 1 млрд 215 млн сом жумшалышы мүмкүн.
Басымдуу бөлүгү республикалык бюджеттен, калганына Евробиримдиктин колдоосу күтүлүүдө. Мындай маалыматтар 7-августта Жогорку Сот тарабынан уюшулган Эксперт кафеде айтылды.
Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.
Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"