Салтанат Саматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты КТРКда өтөт
Новость www

POST1RIGHTБелгилүү теле алып баруучу, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Салтанат Саматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең 16-августта Коомдук телерадиоберүү корпорациясында өтөт. Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. 

Салтанат Саматова радио жана телеберүү тармагында 24 жыл үзүрлүү эмгектенген. 

Ошондой эле мамлекеттик маанидеги кечелерди, иш-чараларды алып барган. Ал узакка созулган оорудан улам 15-августка караган түнү көз жумду.