Чүйдө мас абалында айдаган айдоочулар көбөйдү
Новость www

Чүйдө бир жуманын ичинде 26 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Билдирүүгө ылайык, 16-августтан 23-августка чейин түнкүсүн ”Рулда” жана “Мас айдоочу” аталышындагы рейддик иш-чаралар өткөн.

Анын жүрүшүндө инспекторлор күн сайын одоно жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочуларды аныкташкан. Жалпысынан 349 протокол түзүлүп, 100 унаа айып унаа токтотуучу жайга коюлду.