Унаа токтоочу жайды түнөк кылган 6 балалуу эне үйлүү болду
Новость

Төрт бөлмөлүү үй. Ичи жарык, бөлмөлөрү кенен. Үйдүн ичи болсо, заманбап жасалгаланган. Мындай үйдү Ак-Жарлык алты баланын энеси- Айнаш Ботобаева, дээрлик 30 жылдап күткөн. 2009-жылы жер тилкесин алган жалгыз бой эненин турак жай салууга чамасы жеткен эмес. Беш жыл мурун сыртка жумуш издеп чыккан жолдошунунун азыркыга чейин дайыны табылбай келет.

50 жаштагы тургунду ак өргөөлүү кылуу аракетине жергиликтүүлөр жапа тырмак киришкен. Кайрымдуулук фонду курулуш материалдарын камсыз кылып, айыл тургундары да колдон келген жардамын көрсөткөн.

Жаңы конуш ээсин жергиликтүү бийлик өкүлү куттуктап келди.

Кыйын күндүн баары артта калды деген эне, эми алты сотых жер аянтына келээрки жылдан тартып, чарбак кылсам деп жатат. Бак тигип, үй канаттууларын кармап, ал тургай, насыя алып, чакан тоок ферма ачсам деген тилеги бар.

Ырыс оошот. Мындай кайрымдуулук аракетин көргөн коңшу айылдын жаштары айылындагы аз камсыз болгон жалгыз бой энеге ашар ыкмасында турак жай тургузуп жатышыптыр. Күн сууктаганча аларды жылуу үйгө кийирип алсак дешет. Алты айылдан турган Ак-Жар айыл аймагында 8,5 миңдей эл жашайт.