Көчмөндөрдүн ааламга даңазаланган алтын доору
Новость фото: ktrk.kg

Кечээ Кырчын этно-шаарчасында "Көчмөндөрдүн алтын доору" аттуу театралдаштырылган чоң концерт өттү. 

Кырчын жайлоосундагы борбордук сахнада IX кылымга таандык болгон тарыхый маалыматтарды чагылдырган оюн-зоок жалпы көрүүчүлөрдун купулуна толду. Белгилей кетсек, сценарийин КР Эл артисти Табылды Актанов жазган, сахналаштырган белгилүү театр режиссеру Талант Апыев, расмий ачылыштын редактору белгилүү драматург Кайрат Иманалиев.