-Кырчын этно-шаарчасын кыдырып жүрүп көзүбүзгө көк байрак урунду. Улам жакындаган сайын улуу баяндын добушу угула баштаганда бул ордо Талас областы экенин дароо туйдук.
-Көк асаба, кызыл туу,
Көйгөйлөгөн ызы-чуу.
Ак асаба, кызыл туу
Айгайлаган ызы-чуу-деп "Манас" эпосунда сүрөттөлгөндөй кыдырата тизилген желектер Талас ордосунун көркүнө-көрк, шаңына-шаң кошуп турду.
Кабарчыларыбыз Адилет Дастан уулу менен Керемет Сабыржан кызы Талас областынын ордосу менен тааныштырат.