III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Нарын областынын "Кудалашуу" аттуу театрлаштырылган оюн-зоок программасы көрсөтүлдү. М. Рыскулов атындагы Нарын музыкалык драма театрынын артисттери даярдашкан.
КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жобосу менен ар бир облуска салт-санааны чагылдыруу тапшырмасы берилген. Бул сынакта Нарын облусу "Кудалашуу" салтын айтылуу Ак Мөөрдүн образында театрлаштырып эл назарына тартуулады. Көк түстөгү көлөмдүү кездеме Соң-Көлдү элесин берип, ордонун ортосуна жайылган.