Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Кеңеш Курманалиева "Бейне" уктуруубуздун каарманы. Учурда жашы 80ден ашса да Б. Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театрында роль ойноп, талыкпай эмгектенип келет.
Өмүрлүк жубайы Кыргыз Республикасынын Эл артисти маркум Бакирдин Алиев экөө театрларда өмүр бою кол кармашып чогуу иштешип, турмуштун арабасын бирге тартышып үч уул, үч кыздуу болушкан. К. Курманалиева театр сахнасында көптөгөн ролдорду жаратты. "Күн кармаган балада" Маананын, "Атанын тагдырында" Оңолкандын, "Эрте жаздагы турналарда" Аруукенин, "Ханумада" Кабато, "Макбетте" Мастандын, "Күч күйөөдө" Гүлжамалдын "Айып кимде" спектаклинде Зулайканын жана башка көптөгөн каармандарды ойногон.
"Уркуя", "Саманчынын жолу", "Бетме-бет", "Кожожаш", "Айдагы жез кемпир", "Сокур кемпир көрөгөч", "Апамдын махабаты", "Чиркин өмүр", "Той", "Үркүн" жана башка көркөм тасмаларга тартылган.