Белгилүү комузчу Руслан Жумабаев каза болду
Новость www

Кыргыз элине белгилүү комузчу Руслан Жумабаев каза болду. Бул маалыматты анын кесиптештери бышыктады. Алардын айтымында, 45 жаштагы Жумабаев бөйрөгү ооруп, оорукананын жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жаткан. 

Бир катар сынактардын, конкурс-фестивалдардын лауреаты өзү да шакирт даярдоого жетишкен. Жумабаев “Ордо Сахна” тобунда, Улуттук филармониянын Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде, мэриянын алдындагы эл аспаптар оркестринде комуз чертип, Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияда дагы сабак берчү. 

Эскерте кетсек, 2016-жылы өткөн Көчмөн оюндарында 1000 комузчунун коштоосунда Атай Огонбаевдин “Маш ботой” күүсүн чертип, даңазасы арткан.