“Уялаш таланттар” уктуруубуздагы бир туугандар, таланттуу аранжировщик-музыкант Марат Батырканов, карындаштары Маданияттын мыкты кызматкери, "Кыз-жигит Сармерден" теле долбоорунун биринчи шайыр жеңеси, маркум Гүлзат Батырканова жана кичүүсү жеке ырчы Кыял Батырканова.
Бир туугандар Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кетмен-Төбө айылында жарык дүйнөгө келишкен.