Сөздөн ишке өтүү учуру келди
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Эгер буга чейин мамлекеттик үлүшү бар компаниялардын натыйжалуулугу тапкан кирешесине жараша бааланса, эми ошол мамлекеттик компаниянын жалпы экономикалык жактан натыйжалуу көрсөткүчү менен бааланмай болууда. Муну менен, ишкананын канчалык натыйжалуу экенин талдоого болот. Премьер-министрдин тапшырмасы менен Мамлекеттик мүлк фонду мына ушундай жаңы системаны киргизүүгө кадам таштаганы турат. Маселени талкуулаган Өкмөттүк кеңешмеде Премьер-министр мамлекеттик үлүшү бар компанияларда натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн эки жумалык мөөнөттө киргизүү талабын койду. 

Башкаруу сапатынын төмөндүгүнөн мамлекеттик үлүштүү акционердик коомдордун көп бөлүгү натыйжасыз жана чыгашалуу иштөөдө. Тапкан кирешелер боюнча көрсөткүчтөр кагаз жүзүндө жыл сайын төмөндөп жатат. Ошол эле учурда акционердик коомдордун активдеринин жана капиталынын кирешелүү көрсөткүчү жыл сайын төмөндөп, туруксуз болууда. Өкмөт башчы мамлекеттик ишканалардын жетекчилери рыноктук шартка ылайык келгидей иш алып баруу талабын коюп жатат. Ачык жана айкын менеджмент жүргүзүлбөсө жеке ишканалар менен атаандаша албайт. 

Премьер-министрдин тапшырмасы менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд 50%дан ашык акциялардын менчик ээси катары саналган 22 акционердик коомдун ишмердүүлүнүн натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн киргизүүнү максат кылууда. Тактап айтканда акционерлердин инвестицияларынын, акционердик капиталдын, активдердин, таза үстөктүк маржа, операциялык чыгымдардын көрсөткүчтөрү, өздүк капиталга милдеттенмелердин коэффициенти жана узартылган насыялардын үлүшү боюнча көрсөткүчтөрдү камтыган өнүккөн экономикада кабыл алынган индикатор боюнча баалоо сунушталууда. 

Мамлекеттик ишканалардын рентабилдүүлүгүн жогорулатуудагы экинчи кадам-айлык акы маселеси. Буга чейин чегерилген маяна гана берилип келген болсо кызматкрелердин натыйжалуу иштөөсүнө шыкак берүү максатында бонустар жана сыйлык акчалар берилет. Бул демилгени компаниялардын жетекчилери колдоого алышты. Жана ал көрсөткүчтөрдү эске алуу менен директорлор кеңешинде же жыйналыштарда чечилип тапшырылат. 

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Премьер-министр Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдорго ишмердүүлүк натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн эки жумалык мөөнөттө киргизүүнү тапшырды. Ошону менен бирге Өкмөт башчы компаниялардын натыйжалуулугун калыс жана ар тараптуу баалоону камсыздоо үчүн критерийлерди дыкат иштеп чыгууну талап кылды.