Ош шаары Кыргызстандын байыркы ири шаарларынын бири. Ал Ош областынын борбору болуп, Фергана өрөөнүнүн түштүк-чыгыш чет жакасында, Кичи Алай тоосунун түндүк этегиндеги Ош-Кара-Суу түздүгүндө деңиз деңгээлинен 700-1000м бийиктикте жайгашкан. Калкы 300 000ден ашык Ош шаары Сулайман-Тоо жана Ак-Буура дарыясы менен атактуу.
Ош шаарына 2000-жылдын 4-октябрында президенттин атайын буйругу менен "Данакер" ордени берилген. Тарыхка да талантка да бай Ош калаасынын булбул үндүү ырчы кыздарынын бири Саёра Мухамедова туулган жери тууралуу бизге кызыктуу маек куруп берди.
