POST1RIGHT
Каттоо кызматы 2019-жылдын экинчи жарымынан тартып жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү берип баштайт. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка караганда, жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк жогорку сапаттагы пластиктен жасалган. Айдоочу тууралуу маалымат лазер менен жазылып, аны кайра оңдоого мүмкүн болбойт. Колдонуу мөөнөтү 10 жылга пландалууда.
Мындан сырткары, унааларга пластик карт сыяктуу жаңы техникалык паспорттор жүгүртүүгө чыгарылат.