Эми телеканалдар көрсөтүүлөрүнүн жарымын мамлекеттик тилде даярдашы керек. Ошондой эле, чет өлкөнүн кинолорун уруксатсыз обого чыгарууга да мыйзамдуу түрдө тыюу салынды. Мыйзамга ылайык, жөн гана башка мамлекеттердин каналдарын алып көрсөтүп жаткан телеканалдар болсо эми жарнама бере албайт.
Телеберүү рыногун көзөмөлдөө үчүн Телерадио уюмдар ассоциациясы түзүлдү. Бул ассоциация Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти ортосунда атайын келишимге кол койду. Бул документ телеканалдардын мыйзам чегинде иштеп жатабы жокпу көзөмөлгө алмакчы.