Ош шаары күз-кыш айларына толугу менен даяр
Новость

Мындай маалыматты шаар тургундарын жылуулук менен камсыздаган Оштогу эки ишкананын жетекчилиги биздин каналга билдирди. Көмүр сакталган кампага азыр 4тоннадай көмүр түшүрүлдү. Кабыл алуу январдын биринде жыйынтыкталат. Муну ишканадагы 80 отказандын 63ү керектейт. 

Калган 17 отказан электр энергиясы менен жылытылат. Катуу суукта кошумча температура берүү жагы да эске алынган. Көмүр менен иштеген Турандагы откана өткөн жылы газ менен жылытылуучу кошумча меш курган. Бул отканалар жылуулук берүү маалына толугу менен даяр экенинн ишкана жетекчилиги билдирет. Ишкана шаардагы 267 көп кабаттуу турак үйдү тейлет. Абоненттердин саны 14 миң. Мунун 1миң 200ү быйыл жаңыдан катталгандар.