Кыргызстан Эл аралык полиция биримдигине мүчө болуп расмий катталды
Новость www

POST1RIGHT

Бул артыкчылык кыргыз милициясынын кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Быйыл 23-сентябрда Роттердамда Эл аралык полиция биримдигинин 63-конгресси өткөн. 

Ага 60 мамлекеттин катарында Кыргызстан дагы биримдиктин расмий мүчөсү катары катышты. Биримдик аркылуу кызматташкан мамлекеттер, Эл аралык издөөдө жүргөн кылмышкерлерди кармоодо бири-бирине көмөктөшөт. Ошондой эле кыргыз милициясынын аброюн көтөрүүгө, элдин милицияга болгон ишенимин арттырууга жол ачат. 

Өлкөнүн Эл аралык полиция биримдигине мүчө болгону - кыргыз милициясына чоң артыкчылык алып келет. Эң негизгиси, күч кызматкерлеринин башка мамлекеттеги кесиптештери менен тажрыйба алмашуусуна шарт түзүлүп, бул тартип коргоо органдарындагы системанын өнүгүшүнө салым кошот дейт эксперттер.