Мектептердин кышка карата даярдыгы
Новость

Кышкысын жылуулук жагынан көйгөй болуп келген Жалал-Абад шаарындагы бир катар мектептерде быйыл жылдагыдай кыйынчылык болбойт. Калаадагы №10 мектептин жылуулук системасы толук жаңыланды. Ал эми №4 мектептин эбак эле эскилиги жетип бүткөн эшик-терезеси заманбап болуп алмашты. 

Жалал-Абад шаарына караган, 1 миң 200 дөш ашуун окуучу билим алган №10 Тойгонбай Кошматов атындагы мектеп-гимназиясында быйыл жылуулук жагынан көйгөй жаралбайт. Буга чейин мектеп электр энергиясы аркылуу жылытылып, бирок жылуулук өз нормасына жеткен эмес. 

Мындан улам жылытуу системасы быйыл көмүргө өткөрүлдү. Көп жылдан бери иштебей туруп калган мектеп отканасынын отказаны толугу менен жаңыланып, жазга чейин көмүр менен камсыз болгон. Мындан сырткары мектеп ичиндеги батареялар да толугу менен жаңыланган. Жылуулук жагын жөнгө салуу үчүн шаардык бюджеттен 4 миллион сомдон ашуун каражат жумшалган.