Айтматов жана учурдун чакырыктары
Новость dosaliev

Ушул аптада ааламга атагы кеткен калемгер, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган "Айтматов жана учурдун чакырыктары" деп аталган Ысык-Көл эл аралык форуму өз ишин баштады.

POST1RIGHT

Форум эң алгач мындан 32 жыл мурда Айтматовдун демилгеси менен көшөгөсүн ачып, көгүлтүр көл жээгине ошол кездеги илим менен маданияттын дүйнөлүк деңгээлдеги аты бар кам каймактары, кыйындары чогулушкан. 

Ал кезде адабияттын алпы Айтматовдун демилгеси менен өткөн форумду "Айтматов клубу" деп дагы аташкан эле. 1987-жылы Питер Устинов клубдун бардык мүчөлөрүн Швейцарияга чакырса, кийинки жылы мыктылардын башы Гренадуда бириккен.

Андан кийин Мексикага конокторду Габриэль Гарсиа Маркес чакырып, дагы бир жолу өзөктүүойлорду камтыган форум кулачын кең ааламга кенен жайган.