Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов 8-октябрга караган түнү дүйнө салды. Ал буга чейин ооруп жүргөнү кабарланган. Султан Жумагулов 1959-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Кыргыз мамлекеттик университетин журналист адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун республикалык басылмаларда баштап, кийин "Би-Би-Си", "Азаттык", ЭлТР, КТРКда жетекчилик кызматтарда эмгектенген. Акыркы кезде президенттик аппаратта кеңешчи болуп иштеп турган. Ал журналист, медиа эксперт, жазуучу катары коомчулукка таанымал.