Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-октябрда Талас облусуна иш сапар менен барды. Иш сапардын алкагында мамлекет башчысы облустун Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура жана Манас райондорунда болот.
Фасолду кайра иштетүү заводунун жана айыл жеринде жаңы мектептин ачылыштарына катышат. Андан тышкары, айыл чарба кооперативдеринин жана Казакстан менен чек арадагы «Чоң- Капка-автодорожный» көзөмөлдөп өткөрүү пунктунун иштери менен таанышат.
