POST1RIGHT
Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинен билдирген маалыматтарга ылайык, 46 жаштагы Кадамжай районунун тургуну мал жайып жүрүп, кокусунан тоо текелерди көргөндө мергенчилик ышкыбоздугу ойгонуп кеткендигин мойнуна алып, мындай ишке кайрадан барбай тургандыгын билдирген.
Экологиялык жана техникалык коопуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери сейрек кездешкен жаныбарларга мындан мурунку жылдары мыйзамсыз мергенчилик кылуу болуп келгени менен акыркы жылдары азайып бараткандыгын маалымдашты.
Быйыл канаттууларга аңчылык кылган фактыдан башка жаратылышка олуттуу зыян келтирүүлөр орун ала элек болчу дешет алар. Эксперттер тоо теке, аркар-кулжа илбирстин тоюту экендигин, алардын азайышы ак илбиристин санынан кыскарып кетишине таасир этерин эскертишти.
Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.
Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"