"Учур" театрынын имараты оңдоого муктаж
Новость KTRK/videograp

"Учур" жаштар театрынын 18-сезону ачылды. Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналып, жазуучунун "Тоолор кулаганда" романынын негизинде “Жаабарс” спектакли коюлуп, көрүүчүлөрдүн алкоосуна татыды. Арийне, театр кайра эле каалгасын жапканга аргасыз болуп турат. 

POST1RIGHT

“Учур” мамлекеттик жаштар театры мына ушул имаратка 2010-жылы араң жеткен. Ага чейин КТРКнын кеңсесинин бир бөлүгүндө олтурушчу. Конуштуу болдук деп сүйүнгөн чыгармачыл топтун кубанычы көпкө созулган жок. Андан оңдолбой, же керектүү жабдыктар алынбай, актёрлолрдун иштөөсүнө кыйынчылык жаралып келет.

Шаршенбек Шейшенов - "Учур" мамлекеттик жаштар театрынын директору:

2010-жылы Чатыр-Көл кинотеатрынын имараты бизге берилген. Ошондо өкмөттөн 3 миллионго жакын каражат бөлүнүп, ага оңдоп-түзөө иштери жасалды. Такыр каралбай калган имаратты оңдоо үчүн бул каражат жетишпейт экен. Абалы начар бойдон турат. Кышкысын иштөөгө мүмкүн эмес. Отургучтар жок. Суук

Ушундай шартка карабастан, алар Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата 18-театралдык сезонун ачышты. Айтматовдун акыркы чыгармасы болгон “Тоолор кулаганда” романынын негизинде спектакль коюлду. Сүйүүсүнө жетпей калган Арсен менен түгөйү таштап кеткен жырткыч жаныбар Жаабарстын тагдырын актёрлор чеберчилик менен аткарып, көрүүчүлөрдүн алкышына татыды.