Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешине катышуу үчүн Тажикстандын Дүйшөмбү шаарына барды. Иш-чаранын алкагында Өкмөт башчы бир катар жолугушууларды өткөрдү.
Кыргызстан да аймактагы маанилүү маселелерди көтөргөн уюмдун активдүү мүчөлөрүнүн бири. Бул жолку саммитте да бир катар олуттуу маселелер көтөрүлөөрү күтүлүүдө. Алардын негизгилери азык-түлүк коопсуздугу жана өлкөлөр ортосунда соода, бажы кызматташтыгы тууралуу.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда товар жүгүртүү былтыр эки эсеге өскөн. Бул экономикалык көрсөткүчтөрдү жана мамлекеттер ортосундагы башка багыттар боюнча алакалар Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзада менен жолугушуусунда талкуулады.