POST1RIGHT
Өкмөт Digital CASA долбоорун каржылоо документин бекитти. Бул электрондук өкмөттү ишке ашыруунун бир бутагы. Долбоордун жалпы наркы 50 миллион долларды түзүп, аны Дүйнөлүк банк каржылайт. 25 миллиону грант, калаганы насыя менен берилет.
Максат Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүн аймактык жана глобалдык санариптик экономикасынын интеграциясына кошулуу. Анын аркасында Кыргызстан арзан интернетке жеткиликтүү болуп, региондо маалыматтык хаб курууга жетүүгө болоорун, жумуш орундары түзүлөөрүн адистер белгиледи.
Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.
Назира Молдокулова, "Биринчи радио"