Сак бол, айдоочу!
Новость KTRK/videograp

Бишкек - Ош, Нарын -Торугарт -Бишкек унаа жолу менен өтө турган айдоочулар, сапарга чыгаардан мурда унааңыздын дөңгөлөгүн кышкыга камдап алыңыз. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 17-октябрга чейин аба ырайы туруксуз болуп, тоо кыркаларына жааган карды шамал үйлөп, күрткү болорун эскертүүдө. Даярдыгы жок сапарга чыккан айдоочуга 500 сом көлөмүндө айып салынып, артка кайтарылат.

Бардык массалык маалымат каражаттары аркылуу эскертилсе да, мындай көрүнүш - айдоочулардын кайдыгерлиги. Көпчүлүк эскертмеге көңүл бурбай кудай сактасын деп, жүрө бере турган кыялы бар. Тилекке каршы 14-октябрда болгон унаа тыгынына айдоочулар өздөрү күнөөлүү. 

POST1RIGHT

Сапарга чыккан айдоочу сөзсүз түрдө кышкы дөңгөлөк, чынжыр, күрөк камдап алышы керек. Бул өзүнүн пайдасы үчүн. Алыс сапар жүрүп, жол кыйынчылыгын билип калгандар эртерээк камынган. 

Жүргүнчүлөр Төө-Ашуу менен Ала-Белдеги абалды видеого тартып соцтармактар аркылуу бөлүштү. Тасмада унаалар эки сааттан ашык токтоп турганын байкоого болот. Айрымдары күйүүчү майы түгөнүп, үшүп калганын жазган. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 17-октябрга чейин туруксуз аба ырайы сакталарын билдирет. 15-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1...-3 градус үшүк жүрүшү күтүлөт. 16-17-октябрь күндөрү мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоолуу райондордо карга айланат.