Бишкек ЖЭБи жылуулук берүүгө даяр
Новость

POST1RIGHT

Күн катуу сууктап, беш күн катары менен сырттагы абанын температурасы +8 градустан жогорулабаса, Бишкек ЖЭБи 3 күн ичинде жылуулук бере баштайт. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен кабарлашты. 

Билдирүүгө ылайык, азыркы тапта Бишкек ЖЭБи жана "Бишкекжылуулуктармагы" ишканасы жылытуу мезгилине техникалык жактан даяр. Ошондой эле, борбордук жылытууга кошулган бардык социалдык объектилер кыш мезгилине толугу менен даяр.